super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Вице-премьер-министр: "Кыргыздагы улуттардын биримдигин сактоо мамлекеттик маанилүү милдет болуп саналат"

 

Кыргыздагы улуттардын биримдиги, элдин рухий жана маданий жалпылыгы тууралуу идеяларды калыптандыруу жана жайылтуу мамлекеттик маанилүү милдет болуп саналат. Бул маселелерди үй-бүлөлөрдүн, билим берүү, маданият, спорт мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коомдук уюмдардын жигердүү катышуусу менен чечүүгө болот. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын биринчи кезекте ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алтынчы жыйынында билдирди.

Маалым болгондой, концепцияны ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдарда биринчи кезектеги иш-чаралардын планы 36 пунктан турат. Концепциянын планын аткарууда төрт багытта иш алып барылды. Булар чыр-чатактарды болтурбоонун алдын алуу системасын түзүү, этностор аралык мамилелерди мамлекеттик укуктук жөнгө салуу, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролу жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүү.

"Ыкчам маалымат алмашуу жана кабыл алынган чаралар үчүн республикалык деңгээлде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу боюнча систем түзгөн. Программанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн көп тилдүү окутууга 2015-жылдын 1-сентябрында жогорку окуу жайлардын 90 окутуучусу квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү. Техникалык предметтерди окутууда тилдерди үйрөнүү боюнча жергиликтүү жана чет элдик университеттердин бирдиктүү усулу иштелип чыгууда. Мамлекеттик тилди окуп үйрөнүү этникалык топтордун коомго аралашуусун жакшырат", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жыйындын соңунда 2016-жылы жана 2017-жылдын 1-кварталында иш-чаралардын планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.06.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуттардын башын бириктируу учун биз башка кошуналардан сабак алсак болот. Мисалы кошуналарда олконун озогун тузгон элдин орду бийигиреек.Коп админстративдик иштерге башка улутту албайт. Биздечи биз аларды канча сыйлап торго откоргон сайын кылыгын корсотуп келет. Албетте баары эле эмес. Бирок буга кандайдыр бир чектоо коюлуп, олкодогу улуттук озоктун орду биринчи орунга коюлушу керек. Озубузду озубуз сыйлабасак озго сыйлабайт. Ошондо гана олкодо бири бирине сый урмат баш ийуу менен жумуш болот!
01.06.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жеке оюм
01.06.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ozbekstanda kan4a kyrgyz bar tajikistanda kan4a kyrgyz bar owony anyktabaisynarby .karimov olso jetip barbai .barsanarda kyrgyzdy kyrgyz4a suilo dese suiloialbady.ulut aralyk uruw bolot barybir.ozboktor Owtu avtanomi9 kylyp beresiner degenden kiiin 4e4im 4ygarbai genebestik kylyp jatasynar.ozboktordyn baaryn 4ogultup eksport kylyw kerek bol4y ozbekstanga.Avtanomi9 oilosonor .
01.06.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulut aralyk birimdik ka4an bolot bilesinerbi ?Kyrgyz koboigondo
01.06.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzstandyn butundugun 2 joly saktap kalgan ALAILYKTAR siler BAATYRSYNAR.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: