Жол талашып мушташкан айдоочулар кармалып, аларга 1500 сомдон айып пул салынды

Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулар кармалып, аларга 1500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу 31-майда Бишкек ШИИББи билдирди.
“Тайота Виндомдун айдоочусу Сокулук районунда жашаган 27 жаштагы жаран болуп чыкты. Ал эми экинчиси Лексус 570 унаасынын айдоочусу Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургуну болгон. Коомдук тартипти бузгандыгы, башка жарандарга тоскоолдук жараткандыгы үчүн эки айдоочуга тең 1500 сомдон айып пул салынды”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 30-май күнү Бишкектин Шабдан баатыр-Анкара көчөлөрүндө эки айдоочунун жолдун ортосунда мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Окуяда кара түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, тоскоолдук жаратканы айтылган.
Бишкекте айдоочулар жолдо мушташты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Берене241 1-болук айып пул 2000сом.
Берене249 1-болук айып пул 2000сомдон 5000сомго чейин.
Баарын кошкондо 5000сом же болбосо 8000сом болмок Лексус учун. Ал эми Тойота учун берене 249 1-болук айып пул 1000сом.