super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы облустагы 120 жетим балага 3600 сомдон жардам берди

 

13-майда Нарын шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Бул тууралуу аталган ассамблеянын Нарын облусундагы өкүлү Замирбек Ашырбаев билдирди. Иш-чарага ассамблеянын Сауд Арабиядагы башкы кеңсесинин социалдык бөлүмүнүн башчысы Ибрахим Абийд, Бишкектеги кеңсесинин социалдык бөлүм башчысы Нидал Кундил, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова, шаардык кеңештин төрагасы Эрмек Турсуналиев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө облус боюнча аталган ассамблеянын каттоосунда турган 120 жетим балага 3600 сомдон акча жана таттуу даамдар берилди. Нарын облусунун казысы М.Ибраевдин “Биз адептүү балдарбыз” аттуу таалим-тирбиялык мазмундагы китеби да белек катары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: