Эл аралык баңгизат ташуучу каналга бөгөт коюлду
22-октябрда КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен РФнын Федералдык коопсуздук кызматынын оперативдүү иш-чараларынын негизинде Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Орусияга баңгизаттарын ташуучу эл аралык каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет. Орусиянын Красноярск шаарына баңгизаттын кезектеги партиясын жеткирүү учурунда Тажикстандын жараны, 32 жаштагы Шухрат Рахимов кармалып, анын жанынан 4 килограмм героин менен 6 килограмм гашиш табылган. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта орусиялык атайын кызмат тарабынан оперативдүү тергөө иш-чаралары улантылууда.
Автор: Эльвира Караева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.