super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады

 

Президент Алмазбек Атамбаев 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу Кыргыз Республикасынын кичинекей жарандары!

Көп жылдан бери Кыргыз жарандарынын жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына арнашат.

Мен быйыл бул күн Балдарды коргоонун эл аралык күнү экенине өзгөчө көӊүл бургум келет. Биздин балдар коргоого муктаж экенин эске салгым келет. Балдарыбыздын өмүрү менен ден соолугуна, билими менен коопсуздугуна, дегеле жаш муундун келечегине улуулар жоопкер экенине коомчулуктун көӊүлүн бургум келет.

Кымбаттуу ата-энелер!

Сиздер балдардын эң жакын, эң сүйүктүү адамысыздар. Ар бир баланы Кудай шык-жөндөмү, таланты менен жаратат. Аны ойготуу, өстүрүү сиздердин колуӊуздарда.

Элибизде “Балам - бактым, балам – базарым” деген сөз бар. Ата-эненин, үй-бүлөлүк очоктун мээримине бөлөнгөн, кубаныч, сүйүү, жарык маанайда чоңойгон балдар телегейи тегиз инсан болуп жетилишет. Ошондуктан балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Майрамыӊар кут болсун!

Ден соолугуӊар чыӊ болсун!

Бак-таалайлуу, өмүрлүү болгула!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: