super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина “Нарын” ресторанын Жаштар ордосуна айландыруу керек" дейт

 

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина “Нарын” ресторанын бузбоого чакырып, анын артында кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы бар экенин айтты. Мындай пикирин бүгүн, 1-июнда ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аталган ресторан Бишкек шаарынын чок ортосундагы Совет доорунан калган маданий жайлардын бири. Аскар Акаевдин убагынан бери "Нарындын" айланасында талаш-тартыш болуп келет. Бишкек мэриясы "тарыхый маанисин жоготту" деген шылтоо менен маданий макамынан ажыратып, аны бузуу чечимине келишиптир. Мунун артында дагы кимдин кызыкчылыгы турат? Чет өлкөлүк архитекторлор да, жергиликтүү адистер да жалпы наркы 5 миллион долларга бааланган “Нарын” ресторанынын имаратын оӊдосо боло турганын айтышкан. Менин оюмча, бул тарыхый жана маданий имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүп, Жаштар ордосуна айландыруу керек. Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, туура чечим кабыл алууга тийиш”, - деп сунуштады Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: