Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулардын бирине жол эрежесин бузгандыгы үчүн кошумча 1000 сом айып салынды
Бишкекте жол талашып мушташкан айдоочулардын бирине унаа жолдун каршы тилкесине чыгып кеткендиги үчүн кошумча айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкекте пикир келишпестиктен мушташып, жол эрежесин бузган Лексус 570 унаасынын айдоочусу 1983-жылы туулган жаранга кошумча 1000 сом өлчөмүндө айып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин мушташып коомдук тартипти бузгандыгы, жарандарга тоскоолдук жараткандыгы үчүн эки айдоочуга тең 1500 сомдон айып пул салынган.
Маалым болгондой, 30-май күнү Бишкектин Шабдан баатыр-Анкара көчөлөрүндө эки айдоочунун жолдун ортосунда мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Окуяда кара түстөгү Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып, тоскоолдук жаратканы айтылган.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















