"Ататүрк" сейил багында аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты
Бүгүн, 1-июнда "Ататүрк" сейил багында аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге окуяга катышкан активист Аманбол Бабакулов билдирди. Анын айтымында, атайын электр тогу өчүрүлүп, аттракциондор иштеген эмес. Эс алуучулар нааразы болушуп, жаш балдар митинг уюштурушкан. Ага 60ка чукул бала катышкан.
"Биз 20дай ата-эне нааразычылыгыбызды билдирип мэрияга келип талаптарыбызды койдук, алар бизге учурда 2 автобус бөлүп берип, Панфилов атындагы сейил бактагы аттракциондорго кечке чейин балдарыбызга бекер түшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришти”, - дейт Аманбол Бабакулов.
Эскерте кетсек, бүгүн окурмандар "Ататүрк" сейил багында электр жарыгынын жоктугуна окурман нааразы экенин SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу билдирген.
Аттракциондор иштебегендиктен жаш балдар митингге чыгышты












1 |