super.kg logo

Журналист: "Жылдыз Мусабекованын мени коркутуп, мазактаганы боюнча Маданият министрлиги канааттандырарлык жооп берген жок"

 

КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова журналист Үпөл Анаркулованы 10 эркекке салып берем деп коркутуп, мазактагандан кийин Анаркулова эл өкүлүнүн жоругуна чара көрүшү үчүн бир катар бийлик өкүлдөрүнүн атына кат жазган эле. Журналист бүгүн, 1-июнда SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жооп келгенин билдирди.

Ал депутатты наамдарынан ажыратуу боюнча жазган суроолоруна канааттандырарлык жооп албаганын айтат.

Министрликтин билдиришинче, Мусабекованын ысымы Бирлик айылындагы китепканага Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы жергиликтүү кеңеш тарабынан берилген. Журналистке жазган катта Маданият министрлигине аталган инсандын ысымын ыйгаруу тууралуу сунуштар келип түшпөгөнү белгиленген.

Анаркулова маданият министри Түгөлбай Казаковго жазган кайрылуусунда "Мусабекованын “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алгандыгы жана өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылындагы айылдык китепканага анын аты ыйгарылгандыгы маалым. Элди каалагандай калчагысы келген мындай маданиятсыз, тарбиясыз жана зордукчул адамдын мындай маданий наамдарга ээ болушунун өзү ал наамдарды шылдыңдагандык деп эсептейм. Ошондуктан Ж.Мусабекованы алган наамдарынан ажыратуу маселесин карап чыгууңуздарды суранам", - деп жазган эле.

Айта кетсек, 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле.

Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган.

КСДП фракциясынын жыйындарына Жылдыз Мусабекова эки ирет катышпай, маселе каралган эмес. Анда фракция лидери Иса Өмγркулов депутаттын ооруп калганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
01.06.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Маданият министри улутту ойлогон коркпогон уяттуу эле киши эле.Улутман деген беруудон коруп отто сыйлачу элем.Ишенген тоо сууга агыптыр да.Бийлик ажыдаарга айлантат деген чын окшойт.Же аны да озу уруксат берген ырдагы албарсты бастыбы.
01.06.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Булар сразу эле ооруп калышат турбай калгырлар.
01.06.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Баары бутуп Эми наамын алганы жатабы Упол апче. Бирлик айылы эмес Бирдик айылы туура жазгылачы айылдын аттарын
01.06.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Makain,Ат Башы районундагы БИРЛИК айылы, туура эле.
Т.б. депутат эл өкүлү болгон соң, министрликтен даражасы бийик турат окшойт да. Негизи маданият министрлиги күчү жок, алсыз, бюджети аз министрлик. Кыйратып чечим чыгара албайт. Бул депутаттын наамдарын ала албайт. А түгүл Маданият министрлиги аймактардагы кызматчыларын (крышасы депутат болсо) кызматтан ала албайт. А депутаттын өзү жөнүндө сөз жок...
02.06.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka,документ алсан бирдик айылы деп жазат
01.06.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тиякта бир журналист"ХХХ"деп койгон созу учун жарандык паспортун алып койгону жатышат!Анан бул депутат эженин ооузунан"ак ит"кирип"кара ит"чыкканына эч ким унчуга албаганына тан калып олтурам!Акыйкат кайда?
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 10:55:46
01.06.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Маданят министри давно "олгон".
01.06.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнени кыйратканына ысымын берип журот экен. Кыйын согуносун деп берген го
01.06.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ааа биздин бийлик аман эле болгула, ушул бир депутатты жоопко тартуу колунардан келбейт кантип ишенсе болот анан силерге.
01.06.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХ ажобуз озуно окшогондорду чогултуп алканда.Эл башчы адам ХХХ ар нерсени суйлой бербейт.Жузундо сур болуп журогундо мэрим болот
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 10:45:24
02.06.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сага, акчанын кучу! Азыркы убакка чейин чара корулбосо, уят эле! Мамлекеттин кучу мугалим менен эле врачтарга жетет. Калган акчасы коп байлар,чиновниктер каалагандай суйлоп, каалагандай жашай бергиле. Заман силердики эле болуп калды атандын кору...
02.06.2017. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жооп берсин, не заман байлардыкы болуп калганбы кылган кылыгы учун коз жумуп калгыдай, ушул депутаттын ордунда карапайым адам болгондо эчак эле адам абирине шек келтирди деп тыгып салмаксынар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: