Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп Алмазбек Токторов шайланды
Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары болуп Алмазбек Токторов шайланды. Ал "Кыргызстан" фракциясынын депутаты.
Жашыруун добуш берилип, 77 депутат "макул", 1 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. Бул орунга "Республика - Ата Журт" фракциясынан Аида Исмаилованын талапкерлиги дагы көрсөтүлгөн. Бирок ал жыйындын башында өзүнүн талапкерлигин алып салган.
Эске салсак, комитеттин төрайымы КСДП фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

