Иштебеген адамдар үчүн айлык маяна алган Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Иштебеген адамдар үчүн айлык маяна алып жүргөн Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 1-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда аталган институттун жооптуу кызматкерлери 2013-жылдан тартып ушул күнгө чейин иштебеген үч адам үчүн айлык маяна жаздырып, кийин өздөрүнө өткөрүп келишкен. Мындай иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 720 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Факты боюнча "ишенип берилген мүлктү өзүнө өткөрүп алуу", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Бирден эле группа бар,ошол группаны эки группа деп жаздырып,биринин айлыгын жетекчиси жейт экен.
Жаздырып койгондун эмгек китепчеси, стажы жүрө берет, өздөрү Россия ж.б. чет жерде жүрүшөт...