super.kg logo

Желим гүл саткан Эрмектин таенеси кредиттин айынан оор абалга кабылышканын айтат

 

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте желим гүлдөрдү сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жаштагы Эрмек Абдырахмановду колдоо максатында уюштурулган иш-чарада жалпы 117 миң сом чогулгандыгы жана курулуш компаниялардын бири Эрмекке бир бөлмөлүү батирди белекке бере турганы белгилүү болду.

Ал эми Эрмектин таенеси Айсулуу Абдырахманова кантип желим гүлдөрдү сатып калганын SUPER.KG`ге айтып берди:

“Эрмектин апасынын эгизи майып болчу, аны дарылатам деп 1993-жылдары борборго келип туруп калдык. Ал мындан 7 жыл мурун каза болду. Мурда Эрмек апасы менен Жалал-Абадда эжемдин үйүндө турушчу. Анан апасы “балдарды бутунан тургузам" деп 100 миң сом кредит алган. Базарда бир аз соода кылды. Адамдар андан карызга соода кылышып, акчаларын кайтарып беришпей, кызым кредитти төлөй албай Орусияга кетүүгө аргасыз болду. Ал жакка барып паспортун жоготуп жибериптир, тилемчи болуп калдым дейт. Өзү алган кредитинин 1 айын гана төлөй алды, калганын ушинтип Эрмек жардамдашып жатып, 5 айын биз төлөдүк, айына 7 миң 500 сомдон төлөйбүз, дагы 12 ай төксөк бүтөт. Эми Эрмек экөөбүз кредитти жабабыз деп көчөдө чуркап жүрөбүз”, - дейт.

Андан сырткары гүлдү Эрмек сатса соода жакшы болгондуктан аны саттырып өзү үйдө желим гүлдөрдү даярдоо менен алектенип калгандыгын айтып, аны окутууга да жардам беребиз дегендер чыгып жаткандыгын кабарлады.

“Бирөөлөр келип сертификат таштап кетишти. 3 жыл бекер окуйт экен. Буюрса, окутуп келечекте мыкты адам кылам, бизге жардам берип жаткан адамдардай боорукер адам болсо экен деп кыялданып жатам”, - дейт.

Кыргыз элинин боорукерлигине терең таазим кыларын, боорукер адамдар мынча көп деп ойлобогондугун айтты. “Ушундай жакшы адамдар бар экен. Көтөрмөлөп жатышат. Бизге ушинтип жардам бере турган адамдар чыгарын ойлогон эмесмин. Мен ушунчалык толкунданып жатам кантип рахмат айтарымды да билбейм. Деги көчөдө бир да бала тилемчилик кылып жүрбөсүнчү. Бардык адамдарда муктаждык болбой бай болушун каалайт элем”, - деген пикири менен бөлүштү Айсулуу Абдырахманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(16)
01.06.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ыйлагым келип кетти,дуйнодо наристелер кыйналбасынчы
02.06.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мойтойгон жөжө ыйлаттың го. Өзүм үйлүү болгондой эле сүйүнүп жатам. Келечегиң кең болсун. Элим, жерим деп күйгөн азамат болуп чоңой. Аллахым узак өмүр, бекем ыйман берсин.
02.06.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рахмат
02.06.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Биринчиден ушул флешмобду уюштурган журналист Дайырбек Орунбековго,экинчиден жардамын аябай колун сунган боорукер инсандарыбызга терен ыраазычылык билдиребиз жана чын ден-соолук иштерине ийгилик каалайбыз.
02.06.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мотурайган балаго, келечегиң кең ылайым!
02.06.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кең болсун
02.06.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уюштуруучулардан алла раазы болсун. Эрмек үйүң куттуу болсун.
02.06.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Дайырбек байке орозодо чон соопко калдыныз ырахмат.Эч ким которуп чыккан эмес,канча адам корсо да.Балакайдын балалыгы бактылуу отсун.
02.06.2017. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Оууу мындай Эрмектер кочодо толуп атат тилекке каршы. Рахмат, уюштуруучуга...
02.06.2017. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми Апасын Россиядан алып келүүгө жардам берчүлөр болсо жакшы болмок
02.06.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sladkaja_konfetka,апасы эми тез эле жолун таап учуп келет))))Учуп келиш учун каалоо болуш керек.Мунун айтканым себеби документ жоготсон утерян мн учуп келсен болот.Россияда биз да жургонбуз утерян мн учуп келген досторум болгон.
02.06.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туз жаласанар да кредит албагыла. Мына кесепети . Суперка , жанакы кредитти толой албай калып бойрогун сатам деген киши эмне болду? Билип бериниздерчи эгер мумкун болсо..
abusait түзөттү 2017-06-02 10:26:05
02.06.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
02.06.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кридит алгандар шаарга келип балдарын базарга жиберишпесе болду...бул баланы кудай чоон колдоду,,Журналист Дайыр соопко калды...
02.06.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы Эрмек азамат.Бирок балдардын эмгеги жонундо мыйзам кандай болот.
02.06.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек Кок -Жангактан болобу билгендер айткылачы .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: