Өзгөндө мал айдап баратып аты менен дарыяга түшүп кеткен тургун табыла элек
Өзгөн-Кара-Шоро жолунда мал айдап баратып аты менен дарыяга түшүп кеткен тургун табыла элек. Мындай мааалыматты бүгүн, 2-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мырзаке айыл аймагындагы Адыр айылынын 1950-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну Өзгөн-Кара-Шоро жолунун 57-чакырымында мал айдап бара жатып аты менен кошо Жазы дарыясына түшүп кеткен. Окуя үстүбүздөгү жылдын 20-май күнү саат 17:00 чамасында орун алган.
"Дарыяга түшүп кетип, кырсыкка кабылган тургунду куткаруучулар издөөгө алышкан. Азырынча чабан табыла элек. Учурда издөө иштери улантылууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.