super.kg logo
  Саясат  

Мирлан Жээнчороев Бишкек-Кара-Балта жолунун оңдолушу кечигип жатканына нааразы болду

 

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Бишкек-Кара-Балта жолунун оңдолушу кечигип жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-июнда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

"Премьер-министр Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо иштери 15-апрелде башталарын айткан. Эми бүгүн Транспорт жана жолдор министрлиги августта башталат деп айтып жатат. Эмне үчүн кечиктирилип жатат?" - деп сурады.

Аталган министрликтин өкүлү буга чейин "20-майда жолдун чуңкурларын оңдоо иши баштала турганы айтылган" деди. Ошондой эле Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү 23-майда жеринен барып иштин жүрүшү менен таанышып келгенин белгиледи. Мындан тышкары 15-апрелде техникаларды даярдоо боюнча иштер жүрө турганын айткандарын эскертти. Учурда 50 пайыз техника даяр экенин кошумчалады.

Депутат жолду оңдоо боюнча тендерге коюлган километр эмнеге кыскарып кеткенин сурады. Министрликтин өкүлү кыскарбаганын айтып, келишимди карап көрүүсүн сунуштады. Бирок келишимдин ичинде көрсөтүлгөн баалар тууралуу маалымат берилбей турганын билдирди. Баалар боюнча маалымат берилбегенине нааразы болгон Мирлан Жээнчороев Башкы прокуратураны ушуга көңүл бурууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: