super.kg logo

Журналистти коркутуп, мазактаган КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова дагы ооруп калып, фракция маселени караган жок

 

Бүгүн, 2-июнда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени караган жок. Буга депутаттын ооруп калганы себеп болгон.

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына маселе унутта калбай турганын, депутат фракция жыйынына келсе карала турганын айтты. КСДП фракциясынын жыйынына аталган маселе каралат дегенден тарта депутат 3 жолу ооруп келген жок.

Кечээ, 1-июнда Мусабекова парламенттин жалпы жыйынына катышкан. Буга чейин дагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйындарына катышып келген.

Айта кетсек, Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган. 25-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(24)
02.06.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Келбей тур дешкен да. Тынымсыз эле байланышып турат да алар. "Ооруп келбей тур азырынча", деп ватсаптан жиберип койушат, анан Жылдыз "ооруп" калат.
02.06.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Жакшы нерсе табышты чондор соттолсо эле ооруп калышат ошентип кутулушат бир байкуш чонду согуп алчу болсо опкосу чирип туберкулез болсода камап салмак бийлик байлык баарын чечет экен
02.06.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Оорукчан депутаттардын не кереги бар озу, уялып калышпайт экен да, иштейм деп шайлангандан кийин убадасын аткарбайбы же кетсин оорукчан эмес согунбогон дилинде кыргыз мамлекетине иштей турган адамга откоруп берсин!
02.06.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
СДПКдан башка партия болсо инсульт болуп калса да алып келип камап салат болчу. СДПКга да кудай бардыр.
02.06.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
КСДПнын саясатчылары аябай ХХХ саясат жүргүзүп атышат. Жалан Кудайды унутуп, козүн май баскандар чогулуп алышкан. ХХХ силерге!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 15:12:19
02.06.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Келбеген күндөрүн эсептеп айлык маянасын кыркуу керек. Мындай жумушка келбеген депутаттар көп жаңылык карасаң эле 120- депутаттан 12-18-20 депутат жыйынга катышып жатканын көрөсүң. Айлыгын кыркып жаратылыштан жапа чеккендер багар көрөрү жоктор жетим жесирлер ооруп аперацияга акча таппай жүргөндөргө берүү керек деп ойлойм.
02.06.2017. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Шайлагандан, дайындагандан мурда соо деген справка алып келгиле деп мыйзамга киргизиш керек
02.06.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
КСДП партиясынын жүзү ушул, Жылдыз акмак аял экен. Ушинтип кутулуп кетем деп ойлойт го. Неге элдин акчасын жеп эч нерсе жумуш аткарбай жатышы керек? ХХХ Быйыл адеп, ыйман жана маданият жылы деп жарыяланып, өздөрүнүн кылып жаткан иши тескери, ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-02 15:15:05
02.06.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
grace, этика нормаларын сактаңыз.
02.06.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бети жок жепжутар кантип жүрөт намыстанбай,бүт кыргыз эли укту го өзү эле тапшырыш керек эле негизи ары жагында болсо.
02.06.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Жакшы намыстуу аял окшойт айткан созуно бушайман болуп келбей койгон,айткан созундой чын журоктон баарибир болгондо, отура бермек бети кызарбай фракциянын алдында
02.06.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ак уйдогулор баары эле оорукчан окшойт
02.06.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ооруй берсе анда эмесе не трудоспособный деген статья менен депутатык мандатынан ажыратып салыш керек.
02.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тфу тфу жолдо жургон ит оорусун:)
02.06.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Озуно оору тилеп жатканго
02.06.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jyrgal_msk,ошондой окшойт. Тилегине береке!!!
02.06.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бизге мындай орукчан депуттардын не кереги бар.жазасын албай качып жүрөт орукчан баары эле оруп өлүмүш болуп калышат акчасы бар танышы бардын жашоосу болуп жатат азыр бизде аттиң
02.06.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жок ооруну өзүн чакырып жатыпсын кудайга тообо де айыкпаган оору жармашып журбосун
02.06.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жепжутарларга акча берилет экен дегенде, олум тошогундо жатса да акчаны алып олойун деп келсе керек эле бети жок. Сага окшогон депутаттын барынан жогу. Уялбай кантип баш которуп журосун эми шерменде. Эне деген да сендей оозу бузук болобу.
02.06.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул депутат, министер, президент айтор баардык атка минерлерди щайлоодо Ден соолугун алдын ала текшертиш керек болуп калды. Болбосо кичине эле Бир косяктары чыкса ооруп калмай адат болуп калды буларга
03.06.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баары эле ооруйт окшойт булар ушул оорудан башка шылтоо тапса Эл кичине ишенмек.
03.06.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Конумуш адат камайбыз дей калышса операция боло калышат сокур ичегисин алдыртышып,эээх аман эле болушсунда бийликтеги кээ бир митайымдар
03.06.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
СДПКга медсмотр керек.
04.06.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу акебиз айткандай "Бийликтегилерди бир-бирден кубалап жатып убактыбыз аябай кетип жатат да..Бир оптом кубалап ийип мындай концерт корууп эс албайлыбы я,кандай дейсинер???"
InsanIndira94 түзөттү 2017-06-04 16:26:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: