super.kg logo

Депутаттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчисинин айлыгы 3 миң доллар экенин айтты

 

Бүгүн, 2-июнда “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутаттар Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчисинин айлыгы 3 миң доллар экенин айтты.

Аталган фракциянын депутаты Акылбек Жамангуловдун айтымында, бөлүмдүн кызматкерлери кымбат автоунаалар менен жүрөт. “Төлөнүп жаткан айлыкты алар актап жатабы? Эмне үчүн бөлүмдүн жетекчисинин айлыгы 3 миң доллар?” - деди ал.

Бөлүмдүн жетекчиси Руслан Сатыбалдиев бул кызматка жаңыдан келгенин айтып, айлык ала элек экенин билдирди. Анын маалыматы боюнча айлык маянасы 80 миң сом. Фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов кимдер тарабынан каржылана турганын сурады. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турганы белгилүү болду. Сатыбалдиев жалпы бюджет 1 миллиард 100 миллион сом экенин белгиледи. Бабанов: “3 миң доллар эмес 10 миң доллар ала бергиле, бирок таза, ачык-айкын иштегиле”, - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.06.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
карапайым эл 5миң айлыка иштеп жүрсө,булардын айлыгын кара.кылган ишинин дайыны жок.
02.06.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кок-Жардагы копурону(Ош-Баткен трассасында)инвестиция таппай бир жылдан ашуу болду ондолбой жабылып турганына.Кантип уялбай 3 мин доолар айлык алат экен.
02.06.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов сага окшогондорго боло берет,100 миң $ алса дагы,сүйлөйт десе эле сүйлөй бересиңби...
элди ойлогон адам антип сүйлөбөйт..
05.06.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыртык жолдор толтура не иш кылганына 3 мин доллар алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: