super.kg logo

Бишкекте Алия Шагиеванын катышуусунда Даун синдромунан жабыркаган балдар мода көрсөтүштү (фото)

 

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте Даун синдромунан жабыркаган балдардын мода көрсөтүүсү болду. Иш-чарага балдарды колдоп ата-энелери, маданият өкүлдөрү жана башка шаар тургундары келип, балдар жана алардын ата-энеси менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кечеге президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жолдошу, уулу менен катышты. Ал ата-эне баласына түшүнүү менен мамиле кылганда гана бала өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезерин баса белгиледи.

Иш-чаранын уюштуруучулары балдарды бүгүнкү кечеде мода көрсөтүүсү үчүн подиумда басууга бир жарым ай убакыт даярдашканын айтышты.

"Кечени өткөрүүдөгү максатыбыз - Даун синдромунан жабыркаган балдар тууралуу элде калыптанып калган терс стереотиптерди жоюу. Даун синдрому оору эмес, баланын өзгөчө генетикалык абалы", - дешет уюштуруучулар.

Ал эми ырчы Кундуз Канатбек кызы: "Бул балдарга ата-энелери мээримин төгүп, аяр мамиле кылары байкалып турат. Бүгүнкү иш-чарада балдардын жүзүндөгү жылмаюуну, алардын бакытка толгон көздөрүн көрүп таасирленип, көзүмө жаш алдым", - дейт.

Кечеге чакырылган коноктордун бири, спортчу Айсулуу Тыныбекова балдар менен жолугушуп жатканына кубанганын айтып, аларга керек болгон жардамды берүүгө даяр экенин билдирди.

Аталган мода көрсөтүүгө демөөрчүлүк кылган дүкөн ээлери жана башка ишкерлер балдар кийген кийимдерди аларга белек кылышканын билдиришти. Мындан тышкары кечеде бийчилер өнөрлөрүн көрсөтүшүп, келген конокторго жаркын маанай тартуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
02.06.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Рахмат Алия.
02.06.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Marjan90,алиянын эмнесиге рахмат???
03.06.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
leilekstan_1987,Даун синдромунан жабыркаган балдарга 400$ берсе керек ошонусуна рахмат
03.06.2017. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
leilekstan_1987,эмне президенттин кызы болсо эле жек коруп калыш керекпи атасын жаман коргуло кызы эмне кылды силерге кызына окшоп барып колдоо коргозуп койгула да колунан келсе.келбейт да
03.06.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
leilekstan_1987,эй лейлекстан туура жазгын! Эмнесиге эмес ЭМНЕСИНЕ ДЕЙТ!!! Кыргыз тили сендейдин айынан бузулуп жатат.
03.06.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мага да жагып баратат ушул кыз. Жонокойлугун коп жерден байкадым.
03.06.2017. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Анча мынча ырчыларыбызга караганда баласын дайым озу которуп журот,жонокой кыз экен.Бактылуу болсун!
03.06.2017. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жонокой кыз , азамат .
03.06.2017. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жарым жыланач суроту эсимден кете элекк бул кыздын
03.06.2017. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жонокойлугу жакты соонун! Кийген кийими колундагы баласы, башка бироо болгондо кыйла жасанып баласын нянкага карматып анан келсе керек эле
03.06.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Фейсбуктада аябай жонокой кыз экен, карагыла кийинип келгенин жонокойлугонон жазба, баласын дайыма жанында алып журот, биздин ырчыларга окшоп тороп эле гостролдоп журбой.
03.06.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын башка президенттин балдар кыздарына караганда жонокой.
03.06.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атасын тарткан да жонокойлугу
04.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи кийген кофтасы азыр модада. Кай жеринен жонокой деп мактап атасынар? Менин атам президент болсо Менделе ушундай Жардам, Колдоо кечелерин уюштуруп , чон чон эле жардамдарды бермекмин. Бир айда бир элдин козуно жардам берип корунуп койсон жетишет. Мынтип мактап жазып калышат. Анан калган убакта Тайланд, Сейшелы, Марокко...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: