ЖЫЛНААМА, 2-ИЮНЬ: Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов 72 жашка толду
Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов 72 жашка толду. Ал 1945-жылы 2-июнда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Чеш-Төбө айылында туулган.
Ал 1961-жылы Арал орто мектебин, 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1971-жылдан тартып "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан баштап "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, 1988-2000-жылдары "Адабият" басмасында башкы редактор, 2000-2006-жылдары "Кыргызстан" басмасында бөлүм башчы, башкы редактор, 2006-2007-жылдары Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлаган.
Акын Анатай Өмүркановдун тунгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Акындын ырлары ошондой эле орус тилинде басылып чыккан. Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу. Тарых жана маданият жылынын урматына II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
2-июндун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.