super.kg logo

Бишкекте жаш балдар унаа жолдорунда жарамазан айтып башташты

 

Рамазан айында жарамазан айтуу салты бар. Бул жөрөлгөнү адатта Орозо айы башталгандан 15 күн өткөндөн кийин аткарышчу. Бүгүнкү күндө өздөрүнүн коопсуздугун ойлобой кечкисин Бишкектин көчөлөрүндө токтоп турган унааларга барып жарамазан айткан жаш балдарды көрүүгө болот. 4-5-класстын окуучулары жарамазан айтып, элден акча алышарын жашырышпайт.

"Жарамазанды толук айта албайм. Агамдар өткөн жылы жарамазан айтып нан, акча, таттууларды алып келген. Бирок мени өзү менен кошо алып чыкпай, үйдө отур деп урушуп койгон. Биз унааларга, дүкөндөргө барып жарамазан айтып жатабыз", - дейт өспүрүмдөрдүн бири.

Бул көрүнүш туура эмес деген шаар тургундары да бар. Алардын бири Темиралы Турдуев жарамазан айтуу убакыттын өтүшү менен өзгөрүп кеткенин айтат.

"Жарамазанды адамдар замандын талабына жараша түрдүү музыкалык аспаптар менен айтып башташты. Анан да жарамазанчылар сиздин үйүңүзгө баратабыз деп айтып эскерткендери да болуп келүүдө. Бул туура эмес. Негизи күтүүсүз айтыш керек. Албетте, жаш балдардын дүкөндөргө, унааларга көчөдө бараткан адамдарга жарамазан айтканы жакшы эмес. Биз бала кезде аталарыбыздын айтымында түн ичинде 4-5 адам чогулуп алып баштарына кызыл чүпүрөк ороп алып айтышкан экен", - деди Темиралы Турдуев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
03.06.2017. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Илгери тилемчилер жетим жесирлер майыптар айтчу эле . азыр жаш балдар "бизнес"кылып алыштыго.((
03.06.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abusait, Илгери тилемчилер деп көп жашагандай айтыпсыңго, өзү тилемчилер дегениң туура эмес.Бул кыргыздын салты..Жакында Super.kg да айтып баштайт.Ал эми жаш балдардын көчөдө айтуусу кооптуу..Жарамазан кеч киргенде, орозонун 15 чи күнү, үйлөргө айтылат
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2017-06-03 16:51:48
03.06.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, чон ата же чон Энен барбы ? Сурап кор ошолор тактап берет.
04.06.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балдар жарамазанды реп айткандай айтышат.
Акча берсен аламын тош чонтоко саламын деп
03.06.2017. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чын эле кочодо айтканы туурамес. Ата энелери чыгарбаш керек. Ото кооптуу
03.06.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
баркын кетиришти Жарамазан айтылчу убак келе элек.
03.06.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куну кече ооз ачканы кафеге барып тамак ичип отурсам балдар келип тамак ичип аткандарга айтып атты эле официантка кыздар кууса да чыкпай
03.06.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч туура эмес жарамазан уйго ган айтылышы керек анан акча эмес нан фрукты таттуу берсе болот..азыркы балдар акча бербесен башкасын алышпайт..акча берсен аламын ак чонтокко саламын дей эле беришет..онураак да жаттап алышпайт эки сапты кайра кайра кайталашат...
03.06.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу ата-энелер,балдарынарга тушундуруп кечкисин чыгарбагыла,ар кандай болуп кетиши мумкун.тим эле бизнес кылып алышты го,мага современный кайырчыдай эле сезилет
03.06.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер жарамазанды кочодогу адамга,машинага же дуконго айтса кечээ куну кармалган тилемчилерден эч кандай айырмасы жок да.Жарамазан деген уйлорго гана айтылышы керек.Кечинде балдаоы кайда экенин неге ата энелер кабары жокпу? же балдары жонундо ойлонбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: