super.kg logo
  Саясат  

ЖКда Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга кирүүсүнө чек коюу талаш-тартыш жаратты

 
Бүгүн, 15-майда ЖКнын жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошева Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргызстанга кирүүсүнө чек коюу тууралуу маселени күн тартибине киргизүү сунушун айтты. Эл өкүлүнүн бул сунушуна депутаттар каршы чыгышты. “Орусия менен жакшы мамиле курулуп жатканда мындай чектөөлөрдү киргизүүнүн эмне кереги бар? Карабай эле коюш керек бул маселени”,- деди Бекешев. Ал эми депутат Талантбек Узакбаев “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, ал далай сөздөрдү сүйлөп келет. Аны парламентте карабай эле коёлу” деди. Аларга жооп катары Жылдызкан Жолдошева “Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси эч качан бузулбайт. Жириновский Кыргызстанга, кыргыз элине, кыргыз элинин каада-салтына акарат көрсөтүп жатса, кыргыз парламентинен кимдир бирөө жооп кайтарыш керек эле. Кыргызстанга ким доо кетирсе, биз сөзсүз жооп беришибиз керек”,- деди. Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселени добушка коюп, жыйынтыгында сунуш өтпөй калды.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: