Жер көчкү түшкөн Аюу айылындагы жабыркагандардын чатырлары көчүрүлүп, жер бөлүнүп баштайт

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү кырсыгынан жабыркагандардын чатырлары эртең, 6-июндан тартып көчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышов билдирди.
"Бүгүнкү күндө жер көчкү кырсыгынан жабыркагандар үчүн 219 гектар жер трансформацияланды. Эртең, 6-июндан тартып бөлүнүүчү жерге жакын аймакка чатырлар көчүрүлүп барат. Андан соң жашоочуларга жер бөлүп берүү иши башталат. Буга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук адистери, жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, "Жол куруу", "Таза суу" ишканалары тартылат. Жалпысынан 200дөй чатырдагы жашоочулар үй-буюмдары менен көчүрүлөт", - деп билдирди Бакышов.
Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар Төрт-Көл, Кароол жана Кызыл-Октябрь айылдарына көчүрүлмөкчү. Ар бир кожолукка 8 сотыхтан жер бөлүп берүү каралган.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 07:00 чамасында Заргер айыл аймагынын Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 миллион метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Кырсыктын кесепетинен 24 адам жер көчкүнүн астында калган.

