super.kg logo

Катар менен Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары Сауд Арабия жана Египет дипломатиялык байланышын токтоторун билдирди

 

Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштарды токтоткондугун “Регнум” маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Алар Катарды “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каиданы” колдогон террордук топтор менен максаттары бир деп айыпташууда.“ Reuters'тин маалыматы боюнча төрт өлкө Катар үчүн чек араларын жаап, транспорт жана аба каттамдарын токтотту. Бириккен Араб Эмираттары Катардын жарандарын анын ичинде элчилик кызматкерлери менен бирге 14 күндүн ичинде Эмираттын аймагынан чыгып кетүүсүн айтты. Катар мамлекетине карата көтөрүлгөн демилгени Египет менен Бахрейн да колдоого алган”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2014-жылы да Сауд Арабия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары Катардан элчилерин чакыртып алышкан эле. Анда да алар Катарды террордук топторго көмөк көрсөттү деп айыптап, бирок жогорудагы өлкөлөр жарандар үчүн чек араларын жапкан эмес болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажынын, "ак огуз, кара огуз, таргыл огуз" деген икаясы эске тушуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: