super.kg logo

Депутаттар кыйылган бир даана баалуу дарактын ордуна 100 дарак отургузууну сунуштады

 

Депутаттар кыйылган бир даана баалуу дарактын ордуна 100 дарак отургузууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдиришти.

Жыйында “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу жаңгак жана арча дарактарынын түрлөрүн кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунда токойлорду коргоо максатында баалуу дарактарды кыюуга тыюу салган мораторийдин мөөнөтү 2030-жылга чейин узартуу жазылган.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров баалуу дарактарды кыйган жаран Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине айып пул төлөөсү керек экенин айтты. Ал эми дарактарды отургузуу иши менен аталган агенттик иш алып барышы зарыл экенин белгиледи.

Агенттиктин өкүлү Арсен Рысбеков 100 дарактын ордуна 10ду отургузуу сунушун айтты. Ал 100 дарак отургузуу агенттик үчүн оор болуп кала турганын билдирип, даракты кыйгандар өздөрү бул иш менен алектениши керек экенин айтты. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев 100 дарак отургузуу мүмкүн эместигин айтты.

Депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягына чыккыла эми тамагынарды майлап койсо ун катбай отуруп калчу адатынар бар эле. Улуу урматтуу атка минерлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: