super.kg logo

Депутат: "Бишкектин тегерегинде жашагандардын ичинде 25 жылдан бери каттоого тура электер бар"

 

Бишкектин тегерегинде жашагандардын ичинде 25 жылдан бери каттоого тура электер бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров билдирди.

Ал билдиргендей, Бишкек шаарынын тегерегинде 72 аймак бар. Ал жерде жер-жерлерден келген жарандар каттоосу жок жашап жүрүшкөнүн айтты. “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев ал жерде жашагандар ооруканаларга кайрыла албай жаткандыктарын айтты. Анын айтымында, каттоого тура элек жарандарды Сокулук районунун, Бишкектин медициналык мекемелери кабыл албай жатат. Аталган жерлер калктуу конуш болбогондуктан дарыкана ачканга да уруксат жок экенин билдирди. Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, жашоочулар бул маселе боюнча чиновниктерге бир нече жолу кайрылган, бирок жыйынтык болгон эмес. Ал мындай жерлерге калктуу конуш статусун берүүнү сунуштады.

Жыйынтыгында “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
05.06.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катталбагандыгы ар кимдин озунун кемчилиги. 25 жылдан бери эмне кылып журушот катталбай. Ал эми больница ачып бербегендери.......... Соз деле табылбай калды го...
akil.91 түзөттү 2017-06-05 18:39:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: