super.kg logo
  Саясат  

Текебаев боюнча кийинки соттук отурум 8-июнда өтөт. Процессти видеого тартууга уруксат берилбейт

 

Айыпталуучу Өмүрбек Текебаев өзүнө ачылган кылмыш ишинин материалдары менен толук таанышууга үлгүрбөгөнүн айтты. Депутат иш менен таанышып чыгууга 2 апта убакыт сурады.

"Баарыбызга белгилүү, Атамбаев бул иш менен абдан жакшы тааныш экенин, атүгүл 10 күбө бар экенин жар салган. Кылмыш иши майга чейин сотко өтүп калат деп да айтып жиберген. Иш менен толук таанышып чыккан жокмун. Мыйзам берген шартты камсыз кылышыңызды, 2 апта убакыт берүүңүздү сурайм. Балким, ошол убакта жаңы документтер, жаңы күбөлөр табылып калышы мүмкүн", - деди Текебаев.

Өтүнүч канааттандырылды. Судья Айбек Эрнис уулу кийинки соттук отурумду 8-июнга дайындады. Кийинки отурумду видеокамерага тартууга уруксат берилбейт.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарып, чечимди кийин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан кийинки баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылып, 21-апрелде Биринчи Май райондук соту депутатты 25-майга чейин камакта кармоо чечимин чыгарганы белгилүү. Ал эми 16-майда УКМК депутат Текебаевге ачылган кылмыш ишин тергеп бүтүп Башкы прокуратурага кароого жиберген. Башкы прокуратура материалдарды сотко жөнөткөн.






Өмүрбек Текебаев: "Укугум чектелип, темир тордо отурам"

Өмүрбек Текебаев сот отурумун кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды

Ө.Текебаев сот отурумунда өз укуктары тууралуу сотко суроо салды

Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17

Бишкекте Ө.Текебаевдин соту өтүп жатат 05.06.17

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: