super.kg logo

Лондон шаарындагы терактка шектелип 12 адам кармалды

 

Лондондогу терактка шектелип 12 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лондон шаарындагы кол салууну уюштургандыгын "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму моюнуна алган. Учурда кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектелген 12 адам кармалган. Алардын ичинен 4өө аялдар.

Эске салсак, 4-июнга караган түнү Лондон көпүрөсүндө өтүп бараткан унаа адамдарды сүзүп, андан соң адамдар көп жүрчү "Боро Маркет" районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап, көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салышкан. Мунун негизинде 3 адам каза таап, 20дай тургун ар түрдүү жаракаттарды алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: