Базар-Коргондо Өмүрбек Текебаевдин 300дөн ашуун тарапташы митингге чыкты






Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Өмүрбек Текебаевди коргоо комитетинин төрагасы Кубатбек Артыков билдирди.
"Бүгүн "Ата Мекен" партиясынын лидери Текебаевдин сотуна байланыштуу Базар-Коргон районунун тургундары митингге чыгышты. Жалпысынан 300дөн ашуун эл чогулду. Эч кандай тартип бузуу болгон жок. Сот аяктагандан кийин чогулгандар таркап кетишти", - деп билдирди Артыков.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча алгачкы соттук отуруму өткөрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Кыскасы Атамбаев "артын" тазалап, ага каяша суйлогондорду абак менен коркутууда, муну карарайым эл тушунуп турат...