Аксы районунун Итагар айылында жүргөн селден улам 360 кожолуктун эли менен каттам үзүлдү
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Итагар айылында жүргөн селден улам жол каттамы үзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда SUPER.KG порталына Авлетим айыл аймагынын башчысы Нурмырза Абдыраманов билдирди.
"Бүгүнкү күндө Итагар айылында 360тай кожолукта 1300гө жакын калк жашайт. Сел Итагар айылын Авлетим айыл өкмөтү жана райондун борбору менен байланыштырган көпүрөнү алып кетти. Каттам үзүлүп калган айылда ФАП, мектеп бар. Азырынча айыл аймактын борборуна келүү зарылчылыгы жок. Ага карабай тез аранын ичинде жол каттамын калыбына келтирүү аракетин көрүп жатабыз", - дейт Абдыраманов.
Эске салсак, буга чейин Итагар айылындагы 3 көпүрөнүн жээктерин сел жууп кеткени айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.