КҮНСЕРЕП: Бийлик Текебаевди элге көрсөтпөй соттогусу келет
Бүгүн, 5-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата ачылган кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Сотто Текебаев дале кайратынан жазбаганын көрсөттү. Өзүн кызыктырган жагдайларды судьяга үстөккө-босток суроо узатуу менен тактап, мыйзамда көрсөтүлгөн укугун максималдуу түрдө пайдаланарын айтып, сотту жабык өткөрүү аракетин сындады. Саясатчы муну менен үй-бүлөсүнө, тарапташтарына, партиялаштарына дем берди.
Сот жыйыны ачык өтүшү керекпи же жабыкпы? Отурум ушул маселени тактоо менен башталды. Мамлекеттик айыптоочулар жыйынды журналисттердин катышуусу жок өткөрүүнү сунуштап, буга айыпталуучулардын адвокаттары каршы чыгышты. Соттук процесстин ачык-айкындуулугун Текебаев да талап кылып: "Бизди 3 айдан бери мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынан каралап жатышат. Сотту жабык өткөрөлү дегени, чындыктан корккону. Бизге каршы көрсөтмө бергендерди эл таанып калбасын деп жатышат, аларды эл эртеӊ көчөдөн көрсө "акмак экенсиӊ" дейт, булар ушундан коркууда", - деди. Кеӊешүүчү бөлмөгө кетип узакка кармалган судья жыйын залына кайтып келгенден кийин бүгүнкү процессти гана видеого тартууга уруксат берилерин, кийинкиде мындай болбосун айтты. Көпчүлүк бул иште соттун ачык өтүшүнө кызыкдар. Текебаев чын эле күнөөлүүбү же "ата мекенчилер" айтып жаткандай бийликтин кысымыбы? Муну эл өзү таразалап алышы керек, ал үчүн сот жыйындары сөзсүз ачык өтүшү керек эле.
Текебаев соттун биринчи отурумунда өз окуясынын мисалында мамлекеттик тил маселесин, анын орду, анын ролу тууралуу көйгөйлүү маселени көтөрдү. Судьяны кыргыз тилин сыйлоого чакырды. "Мен төккөн салыктын эсебинен айлык аласыз, эмне үчүн өзүмдүн судьям менен котормочу аркылуу сүйлөшүшүм керек? Отурумдун кыргыз тилинде өтүүсүн талап кылам, сотто айтылгандардын баарын эл көрүп-билиши керек. Мен сотто кыргызча гана сүйлөйм", - деди депутат. Кыргыз мамлекетинде, Кыргыз сотунда, Кыргыз депутатынын кыргызча сүйлөгөнү маселе катары каралбаш керек. Мына, 2010-жылдан бери "өнүгүп жаткан" кыргыз тилинин, "реформаланып жаткан" сот системинин абалы.
Судья Айбек Эрнис уулу "кылмыш ишинин материалдары орус тилинде, ошондуктан орус тилинде" дегенден башка жооп таппай, акырында өтүнүч орундалды. Көпчүлүктүн көӊүлүн бурган дагы бир окуя Текебаевге 8 жашар кызынын жолугушканы болду. Сот залындагы милиция кызматкерлери кызын атасы менен учурашып алууга өткөрбөй бир топ убарага салды. Текебаевдин жактоочулары кийлигишип жатып араӊ көндүрүштү. Атасын сагынган балада эмне күнөө? Тур десе туруп, жат десе жатып буйрукту аткарууга көнгөн формачандар аз жерден 3 айдан бери камакта отурган Текебаевди кызы менен учурашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коё жаздашты.
Бийлик эмнеден коркуп жатат? Темир тордо отурса дагы Текебаевдин тилине ээ боло албай калабыз, ошол жерде отуруп дагы коомго, саясий кырдаалга, жалпы өлкөдөгү абалга таасир берет, коомдук пикирди түзөт, башкарат деп коркуп жатабы? Кылмыш иши боюнча элге ачык маалымат жетишинен чочулап жатабы? Коомчулукта азыр ушундай ойлор. Бийлик Текебаевдин күнөөлүү экенине ишенимдүү болсо, тескерисинче, элдин көзүнчө күнөөсүн далилдеп, айыбын моюнуна коюп, анан соттогонго кызыкдар болушу керек эле. Жаап-жашырынып сот жыйынын өткөрүү, маалыматтарды мамлекеттик ЖМКлар аркылуу элге бурмалап жеткирүү аракети болсо, ал бийликке аброй да, ишеним да алып келбейт. Бүгүнкү отурум түз эфирде, айтылган сөздөр үзүлүп-кесилип, монтаждалбай элге түз жетти. Интернетте Текебаевди колдоп пикир жазгандар арбын болууда. Бийлик элге жеткизбөөнү көздөгөн бир гана жагдай болушу мүмкүн, ал - Текебаевдин сотто айтчу сөздөрү, келтирчү далилдери, контраргументтери...
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси кызматын аркалап келген Фарид Ниязов 3-июнда кызматтан бошотулду. Ал алдыдагы президенттик жарышта Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектейт деген маалымат таратылды.
Азырынча КСДПдан президенттик шайлоого кимдин талапкер болору расмий жарыялана элек. КСДПнын саясий кеӊеши жарышка Сооронбай Жээнбековду чыгарууну чечкени менен, партиянын курултайында таптакыр башка талапкер көрсөтүлүп калышы ыктымал. Жээнбеков деген версия коомдо анчалык колдоого ээ боло албай жатат. Андыктан президенттин мурдагы кеӊешчиси Фарид Ниязовду Жээнбековдун штаб башчысы болот деген маалыматка ишенүүгө эртерээк. Шайлоо жакындаганда президенттин айланасындагы саясий күчтөр өз ара келише албай калышы да мүмкүн. Ошол эле учурда Жээнбековдун талапкерлигине саясий кеӊештин мүчөлөрүнүн арасынан спикер Чыныбай Турсунбеков каршы чыкты деген сөздөр айтылууда. Турсунбеков өзү президенттик шайлоого талапкер болорун же болбосун так айтпай убакыт таразасына коюп жатат. Бул сыяктуу маалыматтар шайлоо алдында президенттин командасы бир пикирге келе албай жатканынан кабар берет. Ниязовдун кызматтан кетиши, балким, катардагы иш которуу эмес. Ниязовду болочок талапкер Жээнбековдун штаб башчысы болот дегени менен, КСДП азырынча Жээнбековдун талапкерлигине биротоло токтоло элек. Эртең Жээнбеков эмес башка бирөө талапкер болуп калса, Ниязов ишсиз калышы ыктымал. Ушундай жол менен Ниязовдун бийликке таасирин азайтуу аракети да болушу мүмкүн...
кошулду

