super.kg logo
  Саясат  

Парламентте депутаттар кайым айтышып, үч депутат жыйындан чыгып кетишти

 

Бүгүн, 5-июнда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде депутаттар кайым айтышып, эркин депутат Жанар Акаев, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилова, КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жыйындан чыгып кетишти.

Жыйында “Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө” жана "Дары каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Аида Исмаилова аталган мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизип, кийинки жумада кароо сунушун айтты. КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина кечиктирилип берилген өзгөртүүлөр киргизилбей турганын билдирди. Исмаилованын сунушу добуш берүүгө коюлуп, 11 депутаттын үчөө гана колдоду.

Комитеттин төрайымынын орун басары Алмазбек Токторов жыйында отурган эксперттер депутаттардын бардык суроолоруна жооп бере турганын айтты. Ал эл өкүлдөрүн мыйзам долбоорун аягына чейин угууга чакырды. Рыскелди Момбеков Алмазбек Токторовду демилгечилерди жана эксперттерди коргоп жатат деп күнөөлөдү. “Сиз бул маселеге кызыкдар болгондон кийин комитеттин жыйынын алып барбашыңыз керек болчусуз”, - деди ал.

Ал эми Токторов кесиптештерин акыл үйрөтпөөгө чакырды. Жанар Акаев Момбековдун, Исмаилованын айткандарын колдоп чыгып кеткен. Бирок бир нече убакыттан кийин кайра кирип келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: