Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоочу мыйзамга кол койду
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүчү мыйзамга кол койду. Мыйзамды парламент 31-майда кабыл алган.
Муну менен президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалат. Президенттик шайлоого талапкерлердин шайлоо алдындагы күрөөсү 100 миӊ сомдон 1 миллион сомго көтөрүлдү. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодогу 7 пайыздык босоголук чек, 9 пайыз деп өзгөртүлдү. Мындан башка да бир катар өзгөртүүлөр кирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

