super.kg logo

Аксы районунун Итагар айылындагы 15 үй сел алып кетүү коркунучунда турат

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Итагар айылындагы 15 үйдү сел алып кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Итагар айылынын башчысы Ажибек Алымкулов билдирди.

"Учурда 15тен ашуун үйдү сел алып кетүү коркунучу бар. Кечээ күнү жүргөн сел үйлөрдүн үстү тарабындагы жээкти оюп кеткен. Бүгүн дагы сел келе турган болсо 5-6 үйдү алып кетет. Кырсыкты алдын алып сайдын жээгин тосуу үчүн техникалар келишин күтүп жатабыз”, - дейт ал.

Итагар айылынын тургуну Бекмырза Абдыразак уулу жергиликтүү бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканына нааразы.

“Сел 3-4 үйдү жана 15тей үйдүн айдоо жерин каптап кетти. Эртең менен ӨКМнын кызматкерлери менен айыл өкмөт башчысы келип айылдын абалы менен таанышышты. "Сел ашып кетүүсү мүмкүн болгон коркунучтуу жерлер оңдолобу?" - десек "азырынча бизде техника жок, табууга аракет кылабыз болсо жиберебиз", - дешкен. Акимдин орун басары келип айылдын кире беришиндеги сел алып кеткен көпүрөнү көрүп эле кетип калыптыр, айылдын абалы менен таанышкан жок", - дейт Бекмырза Абдыразак уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.06.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Селден кудай сактасын....топон суу каптачу маал окшойт кыямат кайым акыр заман белгиси..
05.06.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,топон суу каптоочу дебей Кудайга тобо кылсаныз!
05.06.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Природасы ото сонун экен!
05.06.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аксынын акимин көрөбүз элин кандай карайт экен. Өткөндө бир аким "силерди бироо ошол жерге барып жашагыла депби" деген. Бул жаратылыш кырсыгы каерде жашасаңда кудайым наржактан жөнөткөн болсо барибир келет. Акимдин сөзү ушундай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: