super.kg logo

Парламентте мамлекеттик маанидеги унаа жолдор үчүн жер тилкелерин трансформациялоону мораторийден чыгаруу сунушталды

 

Бүгүн, 5-июнда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында мамлекеттик маанидеги унаа жолдор жана көпүрөлөр үчүн жер тилкелерин трансформациялоону мораторийден чыгаруу сунушталды.

Жыйында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Талкууда депутаттар конкреттүү кайсы объектилер үчүн мындай муктаждыктар жаралып жаткандыгын сурашты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Абдувахаб Нурбаев Ош-Баткен жолун, Бишкек-Ош жолун мисалга тартып, Түндүк-түштүк жолунда дагы ушундай муктаждыктар жарала тургандыгы боюнча маалыматтар бар экенин айтты.

Комитеттин депутаттары Ош-Баткен жолундагы Ош шаарын аралабай, айланып өтүүчү жолдун курулушу коопсуздук маселеси менен тыгыз байланыштуу экенин белгиледи. Ошону менен катар Бишкек-Ош жолундагы Өзгөн шаарын аралап өтпөй, айланып өтүүчү жолдун курулушун да баса белгилешти. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: