СУПЕРСТАН: "Арыктан сууну жатып ичкен кызык эле да, ичип жатып орозо экеним эсиме келип ыргып тургам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Орозодо оозу бек экенин унутуп жеп-ичип алгандар" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Орозонун башында, 28-май күнү эртең менен саат 9-10дор чамасында Оштон Бишкекке учак менен келдим. Оштон көтөрүлгөндө эле көзүм илинип кетиптир, бир убакта ойгонсом стюардессалар элге суу берип келе жатышыптыр. Мен да суусап, тамагым кургап калган экен. Бир стакан куйдуруп "Бисмиллях" деп шашпай үчкө бөлүп (сүннөткө ылайык кылып) ичип, суусунум канып, отуруп калдым. Дагы "өмүрүмдө мындай таттуу, рахаттуу суу иче элек элем" деп ойлоп коём. Анан эле орозо экеним эсиме түштү. Бишкекке учуп келгенче кыжалат болуп, араң келдим да, дароо эле жанагы "Орозодо ким унутуп калып жеп-ичип алса, кайра орозосун уланта берсин, себеби аны Аллах жеп-ичирди (Аллахтын сыйлыгы)" деген Сахих хадисти кайра окуп, анан өзүмө келдим, тобо-о".
"Чоң атам да жаш кезинде ушундай ысыкта орозо кармап, суусап кетип булактан тойгуча суу жутуп алып, кечке кыжалат болуп иш кылбай жаткан экен. Кечинде молдо "эч нерсе болбойт" дегенде анан өзүнө келиптир. Чын эле билбей ичип-жеп алгандар кыжалат болот окшойт, өзүмдүн башымдан өтө элек экен".
"Орозонун алгачкы күндөрүндө кошуна эже келип калды. Тамак жасайын деп сабиз туурап отургам. Кошуна эже сүйлөп берип күлдүрүп жаткан. Күлүп жатып сабизди кантип жеп жибергенимди билбей калдым. Орозо экенимди эстеп чочуп кетсем "унутуп калсаң эч нерсе болбойт" деп кайра жайгарып койду. Дагы бир жолу жарма жасап, анан ачыткысын куюп тузун көрөйүн деп даамдап жиберсем болобу".
"Андай учурлар кээде болуп калат. Эсимде калганы 5-6-класстарда болсом керек эле. Ысыкта ойноп жүрүп ушундай суусадым. Арыктан сууну жатып ичкен кызык эле да, ичип жатып орозо экеним эсиме келип ыргып тургам".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.



1 |