super.kg logo
  Саясат  

Татарстан бийлиги: "Новая Тура" соода борборунун өрттөлүшүнө күнөөлүүлөр жазаланат"

 

“Новая Тура” соода борборун өрттөп жибергендер жазаланат”. Бул сөздү Татарстандын вице-премьер-министри Асгат Сафаров журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. Кырсыкка байланыштуу 168-берене (этиятсыздык менен мүлктү жок кылуу же ага зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. “Новая Тура” соода борборун өрттөп жибергендер сөзсүз жоопко тартылат”,- деди Сафаров. Маалыматтар боюнча, 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген бул борбор жана кампанын күйүп кетишине курулуш иштеринде кетирилген кемчиликтер себеп болгон. Эске салсак, 13-майда Татарстандын Казань шаарындагы “Новая Тура” соода борбору өрттөнүп кеткен. Андан көптөгөн ишкерлер зыянга учураган. Базарда болжол менен 500 жакын кыргызстандык жарандын соода орундары бар болчу. Алардын ар бири болжол менен эң аз дегенде 2-3 миллион рублга банкрот болгону айтылууда.  






Базар жок. Өрт "Новая Тура" Татарстан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: