Ырчы, актриса Гүлнур Асанованын кыз узатуу тою өтүп жатат (фото)
Гүлнур Асанова менен Бактияр Аубакиров


Гүлнур Асанова менен Бактияр Аубакиров

Алып баруучулук кызматты Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков аркалады


Бүгүн, 5-июнда Бишкектеги ресторандардын биринде ырчы, актриса Гүлнур Асанованын кыз узатуу тою өтүп жатат. Ырчынын буга чейин сыр тутуп келген сүйүктүүсүнүн аты Бактияр, Таластын жигити экени белгилүү болду. Тойго ырчынын сахналаш кесиптештери, дос-туугандары, сүйүктүү түгөйүнүн ата-энеси, туугандары жана башка коноктор катышышууда.
Ырчы Жамиля Муратова Гүлнур Асанованы "Кызым" аттуу ырдын коштоосунда залга алып кирди. Жигит тараптын ата-энеси, туугандары кулдук уруп, алып келген калыңы, белек-бечкеги тартууланган соң салтка ылайык Гүлнур Асановага сөйкө салынып, эки жашка болгон каалоо-тилектер айтылды.
Гүлнур Асанова турмуш жолуна аттанды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
12

Бактыяр алдыгоо Бактулуу бол.