Бишкекте жардамга муктаж балдар үчүн акция уюштурулду





Кечээ, 5-июнда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы сейил багында "Муундардын баарлашуусу" аталышындагы флешмоб өткөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Иш чарага томолой жана жарым жетим, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болуп, жалпы 500дөй бала катышты. Өлкө боюнча бардыгы болуп 270 миңдей балага ай сайын төлөнүүчү жөлөк пул берилет. Учурдагы балдар үчүн берилген жөлөк пулдун орточо суммасы 874 сомду түзүүдө. Эми мамлекеттик жөлөк пулду бөлүштүрүүнүн жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип жатат. Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында өлкөдөгү бардык балдар жөлөк пул ала тургандай маселе каралууда", - деп билдирет маалымат кызматтан.
"Муундардын баарлашуусу" аталышындагы акциянын уюштуруучулары балдарды 1-июнда гана эстеп майрамдатпашыбыз керек деген чакырык менен уюштурушкан. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурулду. Ошондой эле флешмоб концерттик иш-чара менен коштолуп, балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

