super.kg logo

Дубай аркылуу Дохага барчуларга Тышкы иштер министрлиги эскертме берди

 

Кечээ, 5-июнда Катар мамлекети менен араб өлкөлөрүнүн дипломатиялык байланышы үзүлгөндүгүнө байланыштуу айрым авиакомпаниялар белгисиз мөөнөткө чейин аталган мамлекетке барчу аба каттамын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен маалымдалды.

Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштардан тышкары жер, аба, деңиз каттамдарын да үздү. “Сауд авиакаттамы”, “Этихад” жана “Эмирейтс” авиакомпаниялары Катардын борбору Дохага учкан каттамдарын жүргүзүүнү токтотту. Бүгүн, 6-июндан баштап “Флай Дубай” аба компаниясы да Дубай-Доха-Дубай каттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтоткондугун жарыялады. Бул маалымат “Флай Дубайдын” Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн да ырасталды”, - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу министрлик жогоруда айтылган авиакомпаниялар аркылуу Катарга барууну мерчемдеп койгон жарандарды башка аба каттамдары аркылуу учууну эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: