Жол чарба департаменти: "Жолдорду жамоодо жаңы технология колдонулса 10 жыл бузулбай сакталмак"

Талас облусунда жаңыдан жамалган жолдор 5-6 жылга туруштук берет. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Жол чарба департаментинин Талас облусундагы №3-бөлүмүнүн башчысы Рустан Осмоналиев билдирди.
"Облустун аймагындагы жолдор жыл сайын жамалып келет. Жамалган жол 5-6 жылга чейин жарактуу болот. Андан кийин кайрадан оюлуп баштайт. Жамгыр, кар жааганда суу топтолуп майда таштары чыгып, жарылып кайрадан тешиктер пайда болот", - деп билдирди Осмоналиев.
Осмоналиевдин маалыматына ылайык, Транспорт жана жолдор министрлиги жолдорду жамоонун жаңы технологиясын кабыл алышкан. Бирок бүгүнкү күндө Талас облусуна бул ыкмасы жете элек.
"Жаңы ыкманы ишке киргизүү үчүн атайын жабдуулардын жардамы керектелет. Мындай аракеттер бизде азырынча баштала элек. Учурда мурдагы эски ыкма менен иш жүргүзүп жатабыз. Эгерде жаңы технология ишке кирсе жамалган жолдор 10 жылга чейин чыдамдуу болмок", - деп кошумчалады Осмоналиев.
Эске салсак, буга чейин Талас облусунда жолдордун тешиктерин оңдоого 135 миллион 422 миң сом жумшала турганы айтылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп баштаганы кабарланган.


Жаны салган жолунар 5 жылга жетпей талкаланып жатат, анан булар да суйлойт десе суйлой беришет экен да... Жаны салынган жолдор 10 жыл бузулбай жакшы чыдап берсинчи биринчи...
Акчаны бийлик озу жеп каяктагы кытайларга жол курдурат 1-2 жылга чыдай турган... Уят!!!