super.kg logo

Ош шаарында жолдун боюндагы 20 соода жайы жабылды

 

Ош шаарындагы жолдун жээктерине мыйзамсыз коюлган соода түйүндөрү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, Ош шаарынын Достук аймактык кеңешине караштуу Курманжан датка, Мамажан көчөлөрүндө жайгашкан курулуштардын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынды. Иш-чарага Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү, архитектура, муниципалдык менчик башкармалыгы, ветеринардык жана фитосанитардык кызматы, тартип сакчылар, жол кайгуул кызматкерлери катышты.

"Рейддин жүрүшүндө 100гө жакын соода түйүндөрү текшерүүгө алынып, алардын ичинен 20 соода жайы жабылды. Мындан сырткары 30 соодагерге эскертүү берилди. Ошондой эле дүкөндөргө илинген баннерлер алынды. Тийиштүү кызматкерлерге жолдун жээгинде жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн мыйзамдуулугун текшерүү талабы коюлду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.06.2017. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
20 соода жайы жабылса,канча адам ишсиз калды эми, бала-чакаларын багыш керек,мигранттардын саны кобойуптур да дагы.
06.06.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эптеп акча табыштын жолун ойлонуп Мээрия эми ушуну табыптырда,эртен алар сураган акчасын беришет анан кайрале иштеп калышат месталарын ачып,заодно Мээриядагы чондор акча иштеп алышат.
07.06.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башында куруп жатканда эмнеге айткан эмес бул жер мыйзамсыз деп. Уятсыздыктын да чеги менен. Эптеп акча өндүрүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: