Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө катуу шамалдан дарак кулап, жеңил унаага зыян келтирди

Бүгүнкү катуу шамалдан жана нөшөрлөгөн жамгырдан Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда дарак кулап, жеңил унааны басып калды. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриянын алдындагы Жашылдандыруу курулуш муниципалдык ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошова билдирди.
"Фольксваген пассат үлгүсүндөгү унаага тамыры менен дарак кулап, зыян келтирген. Канчалык деңгээлде зыян алып келгени акт түзүлгөндөн кийин белгилүү болот. Бактардын кулашынан жабыркагандар жок. Учурда жолго кулаган дарак кесилип алынып, жол тазаланды", - деп билдирди Жолдошова.
Элнура Жолдошованын маалыматына ылайык, борбор калаада бүгүнкү шамалдан 6 дарак кулаган. Мындан сырткары 7 чоң шак сынып түшкөн. Зыян тарткан унаадан башка жабыркагандар болгон эмес.
Бишкекте унаалардын үстүнө бактар кулады
