Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жеңил унаа өрттөндү






Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.
"Борбор калаанын Лев Толстой көчөсүндө Субару үлгүсүндөгү унаа өрттөнүп жатканы боюнча саат 15:37лер чамасында кабар түшкөн. Өрт өчүрүү кызматынын адистери барып өрттү өчүрүүгө жетишкен. Кырсыктан жабыркагандар жок. Жалындын тутанышы унаанын кыймылдаткычындагы зымдардын чукул туташуусунан келип чыккан", - деп билдирди Ташманбетов.
Бишкекте унаа күйүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:37
2025-08-09
17:17
2025-08-08

17:14
2025-08-08
17:30
2025-08-07

Рейтинг:
0

А биз болсо дагы бир ирет кайдыгерлигибизди далилдедик!!!
Бизге мындай нерселер "чын журоктон баары бир"!!!