super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кайын журтума барганда созолонуп калмай жайым бар"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндер, кайын журтка барганда жоош, эси оогон адам болуп каласыңарбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кайын журтка барганда ашыкча сүйлөбөй калам, ошондо күйөөм "ушул жакка келсең эле эсиң ооп калат дей берет".

"Турмушка чыга электе аябай жиним бат келип өзүмдү кармай албай калат элем. Сиңдилерим жиниме тийсе, колумда эмне болсо ошону башына карай ыргытат элем. Эми минтип турмушка чыгып, өзүм кантип токтолуп, оор басырыктуу болуп калганымды байкабай калдым. Кайын журтумдун туугандары, жолдошумдун достору, ким көрбөсүн "аябай жоош, оор басырыктуу келин экен", - деп ойлошот. Өзүм жөнүндө айтылган "комментарийлерди" угуп аябай таң калам. Мүмкүн чын эле мурдагыдан алда канча өзгөргөндүрмүн".

"Өзгөрөсүң, момоюп эле каласың го, тим эле. Анан эмне, аларга кыялыңды көрсөтмөк белең? Созулуп, "аны кылайынбы, муну кылайынбы", - деп эле каласың. Ошонусу да жакшы, себеби "тапылдап" турсаң "апей, бул эмне мынча?" - дегендер бар да. Ошого созулуп эле туруп бериш керек. Анан артыңдан айтат "охо, келини аябай созулат бекен", - деп".

"Мени да "жоош, оор басырыктуу, аз сүйлөгөн келин", - дешет экен. Угуп алып аябай күлгөм. Ичимден "оуу, кыял-жоруктун баары ичимде", - деп койдум. Үйдөгүлөргө баатырмын, жат адамдарга сылык-сыпайы адаммын. Кээде өзүм да таң калам кыялыма. Ушунун баарын кайын журтка жагайын деп кылсак керек".

"Эми тааныбаган жериңе бара калып эле тастаңдап кирсең да болбойт. Бирок эстесем такыр эле созолонбоптурмун. Негизи эле былтыйып өзүмчө жүрө берем да, анан баары эле күйөөгө тийгиче "оор мүнөз", - го деп көп айтышчу. Азыр кайын журт эмне дешти, билбейм. Бирок туура эмес болсо ким экенине карабай айтып салмай адатым бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.06.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсин ооп калат деген кулкулуу экен))) 92-жылкы тууганыбыз уйлонуп калды, анан женебиздин суротун коруп аябай момун , жоош адам дегем)) анан эле уйго келгенде созунун мааниси жок , жаш балдар менен ойсондогон мындайча айтканда аябай корс корунот экен , кантсе да бактылуу болсун деп койдук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: