super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы болуп Жумагүл Эгембердиева дайындалды

 

Жумагүл ЭгембердиеваМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчылыгына Жумагүл Эгембердиева дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган уюмдун башчысынын орун басары Рустамбек Тагаев билдирди.

Жумагүл Эгембердиева буга чейин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган. Бул кызматка анын ордуна бүгүн, 6-июнда Бахтияр Салиев дайындалды.

Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эгембердиеванын башка кызматка дайындалганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөгү буйруккаБакыт Жумашев кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун мурдагы жетекчиси Бакыт Жумашевди кызматтан алууну Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тапшырган. Жумашевдин кызматтан алынышына премьер-министр айыл жергесиндеги элдин турак жайларын камсыздандыруу боюнча маалыматтар көпчүлүгүндө жоктугун айтып сындаганы себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: