super.kg logo

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Катардын өлкөдөгү элчиси менен жолукту

 

Кечээ, 6-июнда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Катар мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мухаммед Аль-Наими менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Катар мамлекетиндеги азыркы абал тууралуу жана аны жөнгө салуу боюнча көрүлө турган аракеттер боюнча министрге айтып берди. Өз учурунда министр Катар мамлекетинде орун алган абалга убайым тартып жатканын билдирди.

"Кыргыз Республикасы араб өлкөлөрү менен болгон достук мамилени бекем тутат. Булуң өлкөлөрүндө туруктуулук жана достук орун алыш керек", - дейт министр.

Ошондой эле ал түзүлгөн кырдаал булуң өлкөлөрүнүн башчыларынын жана элдин акылмандуулугу, кызыкчылыгы менен жөнгө салына турганына ишеним арта турганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабия, Египет өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык байланыштарды токтоткондугу маалымдалган.

Маалымат катары айта кетсек, Кыргыз Республикасы Катар мамлекети менен 1998-жылдын 3-мартында дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү протоколду кабыл алган. 2012-жылдын 2-октябрында Катардын өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылса, 2015-жылдын күз айларынан тартып КРнын Катардагы элчилиги ишке киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: