super.kg logo

Ноокатта 1 ит 7 адамды тиштеди. Итти кутурган эмес деп жатышат

 

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Бел айыл аймагында 6 адамды ит тиштеди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Ноокат районунун акиминин орун басары Нияз Козуев билдирди.

Окуя ушул жылдын 3-июнь күнү болгон. Бүгүнкү күндө Бел айыл аймагындагы жолбун, эмделбеген иттерди атуу тургундар тарабынан сунушталууда.

"Айылда байлануу турган ит бошонуп кетип, 6 адамды тиштеп алган. Айрымдар итти кутурган деп шектенип жатышат. Бирок азырынча кутургандыгы аныктала элек. Ошентсе да ит тиштеген 3 адам үйүндө, 3 адам бейтапканада дарыланып жатышат. Итти байлаган дагы бир тургун да дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул окуя боюнча атайын текшерүүчү топ түзүлүп, иш жүргүзүп жатабыз", - дейт Козуев.

Бул боюнча Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Эртабылды Көккөзовго байланыштык.

"Бейтапканада жаткан адамдардын абалы жакшы, 3 адамды катуурак тиштеп койгон. Эң негизгиси ит кутурган эмес, бирок ал буга чейин эмделген эмес. Биздин адистер ошол ит тиштеген жетинчи адамды да таптык", - дейт Көккөзов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.06.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тиштегенден 10 кун мурун бир огуз менен саан уйдун кутурганын маалыматка кошуп айтбаптырда Нияз аке
07.06.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бел айылынын кайсыл жеринде болгон окуя ?
07.06.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бел-Орукто болгон окуя.Биздин туугандардын баласын да тиштептирго, ооруканада дарыланып жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: