Чүй облусунун Панфилов районунун башчысы алмашты
Чүй облусунун Панфилов районунун акими алмашты. Бул тууралуу 7-июнда Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Премьер Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Өмүр Ногоев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал 2013-жылдын декабрынан баштап Чүй облусунун Панфилов районунун башчысынын милдетин аткарып келген.
Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, Панфилов районунун башчылыгына Дамир Кулубаев дайындалды.
Дамир Кулубаев 1977-жылы туулган. 2015-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кеңешчиси болуп иштеген. Андан соң ушул убакытка чейин Чүйдүн Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gena1

07.06.2017. 12:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карьералык осуш кылып, жогору жакка которулуптурбу? Анын ордуна дайындалган аким буга чейин кайсыл кызматтарда иштеген?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.