Ошто Патрулдук милиция кызматкери сүзүп кеткен кыз өз алдынча басып калды
Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери сүзүп кеткен 12 жашар кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Ош облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Калдар Айбашов билдирди.
"Жол кырсыгына кабылып ооруканага жеткирилген кыздын абалы жакшырып, учурда өз алдынча басып калды. Бир палатада чогуу жаткандар менен сүйлөшүп, маанайы жакшы. Тамак жегени да калыптанып, табити өз ордунда. Эки, үч күн аралыгында үйүнө чыгарабыз", - деп билдирди Айбашов.
Эске салсак, буга чейин 31-май күнү Ош ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкери өспүрүм кызды сүзүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Yktyjar

08.06.2017. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сузуп кеткен пагончон не болду иштен айдалдывы же пагонун жогору которуп койдуву Аша
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.