super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Москвада Кыргыздын айдоочулук күбөлүгү менен унааны башкарууга 1-июндан тарта тыюу салынганы боюнча маселе эки жактуу каралды

 

6-июнда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги консулдук маселелер боюнча пикир алышты. Анда кыргыз тарап Кыргыздын айдоочулук күбөлүгү менен унаа каражатын башкарууга (ишкерлик жана эмгек ишмердүүлүгү түздөн-түз унаа каражаты менен байланышкан) аталган өлкөдө 2017-жылдын 1-июнунан тартып тыюу салуусу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында маалымдалат.

Кыргыз тараптын пикири боюнча, көрсөтүлгөн чектөө Биримдиктин базалык принциптерине каршы келгендиктен – ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) мүчө мамлекеттердин жарандарына колдонулбашы керек.

Ал эми Орусия тарап бул маселе ЕАЭБдин алкагында өзүнчө макулдашуу түзүү аркылуу каралышы керек деп эсептейт. Ошондой эле мыйзам сыйлаган чет өлкөлүк жарандарда айдоочулук күбөлүктү алмаштырып алууга толук мүмкүнчүлүк бар болгонун (2013-жылдан 2015-жылга чейин, 2015-жылдан 2017-жылга чейин атайы узартылган мөөнөттөрдө) баса белгилеп кетти.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен жеке ишкерлик менен алектенүү үчүн унаа айдоого тыюу салынары белгилүү болгон.

Буга чейин окурмандар да SUPER.KG`ге "Кыргыз өлкөсүндө алынган айдоочулук күбөлүк эл аралык стандартка туура келбегендиктен Орусияда жараксыз болууда" деп кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.06.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Личный машинаң менен жүрсө болобу биздин права менен
08.06.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jumatone,Болот
08.06.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура, бизде кээнебестик каныбызда бар да! Анан калса, бизде айдоочулук куболукту Россияда туруп эч кандай экзамени жок Кыргызстандан алса болот. Бул деген жеткен КОРРУПЦИЯнын чеги да! Россияда экзаменден кулап 3-4 жылдап айдоочулук куболукту ала албай келет озунун эле граждандары. Эмне Россиянын чалгын кызматы муну билбейт дейсинерби?! Демек, туура эле кылып жатышат.
08.06.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге Кыргызстан оз укутарын коргой албайт. Бажы Союзундагы олколор баары тен укуктуу, биз Россиянын колониясы эмеспиз. Демек андай экен, эмнеге Россия Бажы Союзу боюнча озу кол койгон мыйзамдарга баш ийбейт?! Эмнеге бойроктон шыйрак чыгарып ЕАЭБ ичинде Россияга артыкчылык берген башка келишим болушу керек?!! Анда Бажы Союзунун эмне кереги бар эле, ким каалагандай мыйзамды озуно ылайыктап озгорто берсе?!

Эмнеге Окмот, ЖК, ТИМ, президент бул маселени чечууго кызыкдар эмес?!
08.06.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге туура эле жазылган комментарийлер очурулуп ташталган?!! Бизде Кыргызстандын озундо эле 4-5 миллион Кыргыз бар, башка олколорго тарап отурукташкан Кыргыздарды кошпогондо. Ошондо кайсы Кыргызды айтып жатасынар, Акматбы, Ташматбы, кимди?!
08.06.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени 6-июнда кармап текшерди бирок унчукпайле коюп жиберди.юристерден сурасам озундун машинан болсода кыргыз правасы жарабайт деген эле
08.06.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо права маселеси боюнча так маалымат билип бергилечи сураныч эч жерден таппай атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: