super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Санкт-Петербургдагы жардыруудан кийин Орусиядагы Кыргыздарга болгон мамиле начарлап кеткени талкууланды

 

Москвада 6-июнда Кыргыз жана Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бир катар консулдук маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын ичинде Кыргыздардын Орусиянын аймагында жүрүүсү, чек арадан өтүүсү, жаңы төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуудагы көйгөйлөр каралды.

Өзгөчө апрель айында Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан кийин Орусиядагы Кыргыздардын укуктук абалы начарлап кеткенине көңүл бурулду. Буга байланыштуу Орусия тарапка Кыргыз жарандарынын укуктарын сактоо тартибин көзөмөлдөө айтылды.

Кыргыз делегациясы тарабынан 2016-жылы август айында Москвадагы өрт кырсыгынан каза болгондордун жакындарына компенсация төлөп берүүнү тездетүү жана 2016-жылдын январь айындагы өрт боюнча иликтөө иштерин аяктоого басым жасалды. Мындан сырткары Орусиянын Кыргыздагы элчилигинин кызматкеринин катышуусунда Бишкекте болгон жол кырсыгы, Орусияда камакка алынган, каза болгон Кыргыздардын маселелери талкууланды.

Эскертсе кетсек, 2016-жылы 31-январда Москвадагы Стромынка көчөсүндө өрт чыгып 12 адам каза болгон. Анын 8и Кыргыз жараны болгон. Ал өрттөн кийин жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн соң шаардык прокуратура "мыйзамсыз миграция" беренеси менен кылмыш ишин ачууну талап кылган.

2016-жылы 27-августта Москва шаарында жайгашкан басмаканадан өрт чыккан. Анда 17 Кыргыз кыз-келиндери каза болгон.

2017-жылы 16-февраль күнү Бишкектеги Фучик көчөсүндө жол кырсыгы болгон. Анда Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Мерседес Бенц Спринтер унаасы сүзүшкөн. Анда "Мерседестин" айдоочусу, Кыргыз жараны 62 жаштагы Евгений Лексиндин баш мээси жабыркап, ооруканадан каза болгон. Ал эми орусиялык элчиликтин кызматкери, Тойота Прадо унаасынын айдоочусу Виктор Пуховдун жамбаш сөөгү сынган. Кырсык түшүрүлгөн видеодо элчиликтин унаасы жол чырак кызыл күйүп турганда катуу ылдамдыкта келип, жүк ташуучу Мерседести сүзгөн. Орусиянын тийиштүү органдары иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин сот Орусияда өтөрү маалымдалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.06.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир кумалак бир карын майды чиритет... Албетте начарлайт да... Мисалы: менин уйумо бироо кирип уйумдо озум билемдик кылып ар нерлерди кармалап,плитамды бузса. Албетте мен жинденем. Жана ата-энесин да жаман коруп кетем тарбия берген эмес деп... Ушул эле сыяктуу да,...
08.06.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AykaMer, уйуно келген коноктордун бири ХХХ баарын кууп чыгасынбы?!!

Бизде да толтура орус жашайт. Бир орус кылмышкер болсо чуу которуп чымындан пил жасап жатабызбы?!!

Террорист орус жараны болсо мигранттардын куноосу эмне?!!

Жазат десе жаза бересинер ойлонбой!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-08 15:19:55
08.06.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Паспортту жакшыраак сатсанар башка улуттарга мынданда жаман болот,силерге акча керек! Уллуттук наамыс,закон дегендин не кереги бар силерге?!
10.06.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pandora,кайдагы паспорт орус жараны болгон кыргызстанда торолгон кыргыз паспорт алган эмес ата -энеси кыргызстанда жашаган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: